super.kg logo

Кара-Кулжадагы мектеп менен кошо бала бакча да күйүп кетти

 

Бүгүн, 2-августта Ош облусундагы Кара-Кулжа районуна караштуу Кайың-Талаа айылындагы Кебек Мамаев атындагы орто мектепте өрт чыкканы кабарланган. Аталган мектептин директору Баатырбек Кулеков SUPER.KG порталына окуянын чоо-жайын айтып берген.

Ошондой эле ал мектептин үч бөлмөсү бала бакча катары пайдаланууга берилгенин, анын имараты толук күйгөнүн билдирди.

"Өрт чыккан мектептин үч бөлмөсү бала бакча катары пайдаланууга берилген. Мектеп негизи 280 окуучуга ылайыкталган. Анда 22 мугалим эмгектенет. Ал эми бала бакчада 70тей бала тарбияланчу. Өрттөнгөн мектептин жанында жаңы мектеп курулуп жатканын айтпадымбы, эми ал толук ишке берилгиче балдарды үйгө окутуп турабыз го", - деди Баатырбек Кулеков.

Билим берүү жана илим министрлиги тараткан маалыматка ылайык, 2013-жылдын 1-апрелинде мектептин имаратынын 4 бөлмөсүнө балдар бакчасы ачылган. Анда 3 тайпада 64 бала тарбияланат. Анын ичинен бирөө жатак тайпа, анда 20 бала бар. Бала бакчада жалпысынан 6 тарбиячы жана 7 техникалык кызматкер иштейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: