"Ичип алгандар да бар". Ысык-Көлдө балдары түн ичинде көчөдө жүргөн 15 ата-энеге айып пул салынды
Ысык-Көл облусунун курорттук аймагында "Өспүрүм-Түн" рейди өтүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта облустук милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, түнкүсүн ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосусуз жүргөн өспүрүмдөрдү аныктоого багытталган иш-чара жай мезгилинде түнкү оюн-зоок жайлары иштеген курорттук аймактарды камтыды.
"Эки күндүн ичинде райондук милициянын балдар иштери боюнча инспекциясынын инспекторлору өспүрүмдөр көп топтоло турган компьютердик залдарды, түнкү клубдарды, кафелерди, дискотекаларды, сейил бактарды жана скверлерди текшеришти. Натыйжада түнкүсүн мыйзамдарда тыюу салынган же чектелген жерлерде мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосусуз жүргөн 20га жакын бала аныкталды. Ошондой эле өспүрүмдөр тарабынан спирт ичимдиктерин ичүү фактылары да катталды", - деп айтылат билдирүүдө.
Эки күндүк рейддин жыйынтыгы боюнча милиция кызматкерлери тарабынан Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 74-беренесине (Балдардын ден соолугуна, дене-бойлук, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын бузуу) ылайык 15 протокол түзүлүп, ар бир ата-энеге 1000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Башка аныкталган фактылар боюнча материалдар мыйзамга ылайык чараларды көрүү үчүн тийиштүү мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилгени кошумчаланды.



