Билим берүү министри кыргыз тилин бекер окуткан немис айым менен жолугушту
Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев кыргыз тилин бекер окуткан немис улутундагы Виктория Кринвальд менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, жолугушууда министр Викторияга кыргыз тилин үйрөнүп жаткан окуучулардын кайрылуулары боюнча маселелерди чечүүгө жардам берерин убада кылды.
Мындан тышкары Иманалиев ага кыргыздын тарыхын, чыгаан инсандарын, элдин каада-салтын, үрп-адатын чагылдырган немис тилиндеги "Кыргыздар" китебин белекке берди. Китеп бир нече тилге которулган.
Белгилей кетсек, 2015-жылы аталган китептин немис тилиндеги басылышы жарык көрүп, анын нускалары Берлиндеги Гумбольдт университетинин Борбордук Азия боюнча кафедрасынын китепканасына белекке берилген.
"Виктория мурда англис тилинен сабак берчү, бирок көп өтпөй жумушун таштап, кыргыз тили курстарын ачкан. Кыздын айтымында, ал эмне үчүн кээ бир балдар кыргыз тилин үйрөнүүдө кыйналып жатканына кызыгып калган – 2020-жылдагы пандемия учурунда мектеп окуучулары ага кыргыз тилиндеги үй тапшырмаларын аткарууда жардам сурап кайрыла башташкан", - деп айтылат маалыматта.
Учурда Викториянын курстарына түрдүү улуттагы жана курактагы 50дөй адам барышат.


1 |