super.kg logo

Ысык-Көлдө 12 жылдан бери иштебей турган Жыргалаң көмүр кени ишке кирди

 

Ысык-Көл облусунда 12 жылдан бери иштебей турган Жыргалаң көмүр кени ишке киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жыргалаң көмүр кенинин иши менен таанышты. Таанышуу учурунда бул кен 12 жылдан ашуун убакыттан бери иштебей турганы, бирок 2022-жылдын жаз айларында президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен иш жанданганы айтылды. Бул жай кыш мезгилинде Каракол шаарын жана ага жакын аймактарды көмүр менен камсыз кылат.

Белгилей кетсек, Жыргалаң кенин ишке киргизүү менен Кара-Кече кениндеги күчтү кыскартууга, ошондой эле Кара-Кече кенинен Каракол шаарына жана ага жакын аймактарга көмүр ташууга кеткен каражатты үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Учурда Жыргалаң кенинен суткасына 100-120 тонна көмүр чыгарылат. Ал эми кышында Каракол шаарын, Түп, Жети-Өгүз жана Ак-Суу райондорун толук камсыздоо үчүн 12 миң тонна көмүр керектелет. Бул аймактардын кара отунга болгон муктаждыгын Жыргалаң көмүр кени толугу менен камсыздай алары белгиленди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: