super.kg logo
  Саясат  

Вице-спикер порнографиялык материалдарды тараткандарды эркинен ажыратууну сунуштады

 
Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев порнографиялык материалдарды тараткандарды 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратууну сунуштады. Тиешелүү мыйзам долбоору 1-августтан тарта коомдук талкууга коюлду.
Учурда мындай жосундар үчүн 20-50 миң сом айып пул каралган, 40-100 саатка коомдук иштерге же 1 жылга чейинки түзөтүү жумуштарына тартылат. Ошондой эле 3 жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө укугунан ажыратылат.
Сыдыгалиев жазаны дагы да күчөтүү керектигин белгилеп, жогорудагы жаза чараларына эркинен ажыратууну да кошууну демилгеледи. Анын максаты электрондук же маалыматтык-телекоммуникациялык тармактарды, анын ичинде интернетти пайдалануу менен порнографиялык материалдарды жайылтууга каршы натыйжалуу күрөш болуп саналары айтылат.
"Кылмыш-жаза мыйзамдарында порнографиялык материалдарды таратууга катышкан уюштуруучуларды жазалоо боюнча ченем жок. Бул бүгүнкү күндө порнографиялык материалдар менен байланышкан кылмыштуулук менен натыйжасыз күрөшкө алып келип, аларды жасаган уюштуруучулар кылмыш жоопкерчилигине тартылбай жатат.
Көбүнчө кыянатчылар байланыш тармактарынын түрдүү ыкмаларын колдонушууда. Порнографиялык видеолор сайттар аркылуу көрсөтүлүп, стриминг кызматтарында түз эфирде таратылып жатканына маани берүү кажет", - деп жазылат маалыматтык негиздемесинде.
Автор сунушталган норма кабыл алынса порнографиялык мүнөздөгү материалдарды уюштуруу жана таратуу менен алектенген адамдарга алдын ала эскертүү болот деп эсептейт жана коомдук жумуштар менен гана чектелип жаткан колдонуудагы редакцияга караганда катаалыраак болорун белгилейт.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: