Бишкек мэриясы кызыл "Тулпар" картасы жөнүндө маалымат берди. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, кызыл жеңилдик картасы акысыз чыгарылат жана төмөнкү категориядагы жарандарга муниципалдык транспортто акысыз жүрүү мүмкүнчүлүгүн берет:
- Бишкек шаарында катталган жаш курагы боюнча пенсионерлер
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар
- «Кыргызпочтасы» ААК почтальондору
Ага ылайык, кызыл картаны алуу үчүн карта берүүчү пунктка барып (райондук акимиат), ким экендигин тастыктаган, жеңилдиктер каралган картаны алууга укук берүүчү тиешелүү документти көрсөтүп, сүрөткө түшүү керек. Карта даяр болгондон кийин алуу үчүн кол коюу жетиштүү.
"Картаны автобустун же троллейбустун кире беришиндеги валидаторго такап, төлөм ийгиликтүү аткарылганына көңүл буруңуз (транзакция ийгиликтүү ишке ашкандыгын дисплейге чыккан жашыл белги жана сигнал аркылуу билесиз). "Тулпар" картасынын бардык түрлөрүнүн жарамдуулук мөөнөтү чектелген эмес", - деп билдиришти мекемеден.
Маалымат үчүн: Картаны алуу пункттары:
- Ленин району - Чүй пр., 315 (Ленин акимиаты)
- Свердлов району - Чүй пр., 28 (Свердлов акимиаты)
- Биринчи Май району-Жибек Жолу пр. 495 (Биринчи май социалдык коргоо башкарамалыгы )
- Октябрь району-Байтик Баатыр пр., 17 (Октябрь акимиаты)
Жогоруда белгиленген акимиаттардын иштөө мөөнөтү - дүйшөмбү-жума саат 09:00-18:00гө чейин иштейт. Ал эми ишемби, жекшемби дем алыш күндөрү иштебейт.