super.kg logo

Казакстандын Жамбыл облусунда  200 гектар аянтты өрт чалды (видео)

 

Кечээ, 2-август саат 14:30дан бери Казакстандын Жамбыл облусунда 200 гектар аянттагы куураган чөп күйүп жатат. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыкты.

Маалым болгондой, өрт Меркен районунун Актоган айылынан 20 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан Меркен токойлорду жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоо мекемесинин аймагында катталган. Басылмалардын маалыматына караганда, өрттү өчүрүү үчүн Ан-2 учагы 1,5 тонна суу алуучу аппараты менен жалпы көлөмү 16,5 тоннага жакын 11 жолу суу чачууну ишке ашырган. Ошондой эле аэровизуалдык изилдөө үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин "Казавиаспас" АКсынын ЕС-145 тик учагы тартылган.

Өрттү өчүрүүгө токой чарбасы, жергиликтүү аткаруу органдары жана Жамбыл облусунун Өзгөчө кырдаалдар департаменти иштеп, жалпы 161 адам, 24 техника, 2 учак жана 1 тик учак колдонулуп жатканы айтылууда. Азыркы тапта тилсиз жоону өчүрүү иштери уланууда.






Казакстандын Жамбыл облусунда  200 гектар кургак чөп өрттөнүүдө

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: