super.kg logo
  Саясат  

Москвада кыргызстандык таксистке кол көтөргөн жаранга кылмыш иши козголду

 

Москвада кыргызстандык таксистке кол көтөргөн жаранга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү Москва шаарындагы полициянын тиешелүү бөлүмүндө кыргызстандык жарандын арызын каттоону уюштуруп берди. Ошондой эле Кыргызстандын Орусиядагы Элчилигине 1975-жылы туулган Ш.М. аттуу мекендешибиз чакырылып, окуя тууралуу айтып берген.

Таксисттин айтымында, 2023-жылдын 18-июнь күнү түштөн кийин буйрутма түшүп, Неглинная көчөсүнөн жүргүнчүлөрдү алып кеткен. Бир аз убакыт өткөн соң кардарлардын бири дүкөнгө кирип, бир бөтөлкө сыра (пиво) алып чыккан. Таксист кардарга унаа ичинде алкоголдук ичимдиктерди ичпөө өтүнүчү менен кайрылган. Бирок алдыда отурган жүргүнчү айдоочуга кол көтөрүп, бир нече жолу уруп жиберген. Ал эми таксист жүзүнөн жаракат алган.

"Бул факты боюнча чогултулган материалдардын негизинде ИИМдин Москвадагы бөлүмүндө Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 116-беренеси (Сабоо) боюнча кылмыш иши козголду. Кыргызстандын жараны М.Ш. жабырлануучу катары таанылды. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери башталды", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, кечээ, 2-август күнү социалдык тармактарда, Москвада такси кызматында иштеген кыргызстандык жаран иш учурунда сабалганы тууралуу маалымат тарап, видеосу жарыяланган. Аталган окуя коомчулукта кызуу талкууга алынып, аталган өлкөдө иштеп жүргөн кыргыз мигранттарынын укугу тууралуу талаштарды күчөткөн. Көп өтпөй Тышкы иштер министрлиги окуя боюнча үн катып, Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Орусиянын ТИМине нота жибергенин билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: