Сокулукта жаңы асфальт-бетон заводу курулуп жатат






Чүйдүн Сокулук районундагы Жогорку Орок айылында «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы тарабынан экологияга зыяны жок жаңы асфальт-бетон заводу курулууда. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, жаңы заводдун курулушу ушул жылдын май айында башталган. Анын курулушундагы бардык жумуштарды Кытайдан келген инженер жетектеп жатат жана анда 10 адамдан турган жумушту топ иштөөдө.
Конструкцияны монтаждоо иштери 90 пайызга аткарылган. Эми электр монтаждоо иштери башталат.
"Башка заводдордон айырмаланып, жаңы «SANY» заводу толугу менен бир гана компьютер менен башкарылат, заводдун негизги артыкчылыгы – жогорку өндүрүмдүүлүк жана үнөмдүүлүк. Завод саатына 200 тоннага чейин асфальт чыгара алат" - деп айтылат маалыматта.
Белгилүү болгондой, заводдун ишке берилиши менен асфальттын өздүк наркына баалар төмөндөп, бул өз кезегинде Бишкек шаарында жаңы жолдорду жана тротуарларды курууну көбөйтүү мүмкүнчүлүгү пайда болот.
Ишканада температуралык май менен жабдылган «RIELLO» маркасындагы 5 тонналык казан менен жылыйт. Бардык пайдаланылбаган газдар кайрадан колдонулуп, ошентип завод айлана-чөйрөгө зыян келтирбейт.
Белгилей кетсек, жаңы асфальт-бетон заводунун курулушу өлкө жетекчилигинин көзөмөлүндө. Жаңы асфальт-бетон заводу ишке киргенге чейин эски заводдо асфальт-бетон заводу тынымсыз иш алып барууда.


