Ысык-Көлдө УКМКнын жаңы имараты ачылды (фото)
















Бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Түп райондук бөлүмүнүн имаратынын расмий ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлайт.
Белгилүү болгондой, ачылуу аземге президент Садыр Жапаров, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери катышышты.
Президент өз сөзүндө кызматкерлерди жаңы имараттын ачылышы менен куттуктап, чың ден соолук, иштерине ийгиликтерди каалады. Ошол эле учурда тышкы жана ички коркунучтардан коопсуздукту камсыз кылууда, аймактык бүтүндүктү сактоодо Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин өзгөчө ролун белгиледи.
Белгиленгендей, жаңы имарат кызматкерлер үчүн иштөө шарттары бардык талаптарга жооп берет жана керектүү заманбап жабдуулар менен толук жабдылган.
