super.kg logo

Акылбек Жапаров Кытай элчиси менен Ысык-Көлдө курула турган ГЭСтердин ордун карап чыкты

 

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвень менен бирге Ысык-Көлдө курула турган кичи ГЭСтердин ордун карап чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта министрликтин маалымат сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сары-Жаз суусуна 1100 мегаватт кубаттуулукка жеткен 6 ГЭС куруу планы 1982-1987-жылдары иштелип чыккан. Эгемендик алган жылдары аны ишке ашыруу аракети басаңдап, ушул кезге чейин токтоп турган. Учурда долбоорду ишке ашыруунун кадамдары башталып, инвестиция тартуу жолдору талкууланууда.

Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сары-Жазга барып, курула турган ГЭСтердин ордун карап чыкты. Аны менен бирге Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь барды.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жакынкы күндөрү Кытайга иш сапары менен барат. Анын алкагында Сары-Жаз суусуна курула турган ГЭСтер боюнча кытайлык инвесторлор менен сүйлөшүү жүргүзөт.

Белгилей кетсек, акыркы жылдары өлкө аймагында чакан ГЭСтердин курулуштары кызуу жүрүүдө. Кыргызстан суу ресурсунан электр энергиясын алуу мүмкүнчүлүгүнүн болгону 10 пайызын гана пайдаланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: