Ош шаарындагы автобекет мэриянын карамагына өттү (фото)








Ош шаарындагы автобекет мэриянын карамагына өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, калаа мэри Бакытбек Жетигенов автобекеттин абалын жеринен көрүп чыкты. Анын алкагында тиешелүү кызматтарга тезинен бекеттин аймагын асфальттоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча жумуштарды баштоону, ушул жылдын сентябрь айына чейин бүткөрүүнү тапшырды.
"Ошондой эле жүргүнчүлөр жана айдоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл буруу менен автобекетти капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча долбоорду даярдоо тапшырмасын берди", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Министрлер кабинетинин 24-июлундагы №375-токтомуна ылайык, автобекет Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилген. Имарат буга чейин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин карамагында болгон.

