"Кыргыз топчу", "Кыргыз электроника". Өлкөдө жакында жаңы төрт өндүрүш ишкана ачылат (сүрөт)









Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев президенттин "Бишкек машина куруу заводу" ачык акционердик коомунун жана "Бишкек штамптоочу заводу" мамлекеттик ишканасынын базасында жаңы өндүрүш ишканаларын түзүү боюнча тапшырмасына ылайык Өнүктүрүү фонддордун жана Мамлекеттик банктардын жетекчилери менен көчмө жыйын өткөрдү.
Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, көчмө жыйында Өнүктүрүү фонддордун жана Мамлекеттик банктардын колдоосу жана каржылоосу менен жаңы заманбап өндүрүш ишканаларын түзүү, аларды толук өндүрүш кубаттуулугуна жеткирүү, чыгарылган продукциянын көлөмүн жогорулатуу, өлкө өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча пландар талкууланып бир орток пикирге келишти.
"Кыргызиндустрия" ачык акционердик коомунун тутумуна кирген бир катар ишканаларды кыдырып чыккан Бакыт Төрөбаев сентябрда жаңы төрт өндүрүш ишкана ачыларын билдирди. Атап айтсак алар "Кыргыз бетон курулуш", "Кыргыз топчу", "Кыргыз электроника", "Кыргыз темир мык" ишканалары.
"Маселен, "Кыргыз бетон курулуш" ишканасына үйлөргө панел жасай турган заманбап жабдыктар коюлган. Жабдыктарды монтаждоо иштерин Италиядан келген адистер жүргүзгөн. Завод ишке киргенден тартып жергиликтүү суроо-талапты гана камсыздабастан экспортко чыгуу мүмкүнчүлүгү дагы түзүлөт", - деп айтылат билдирүүдө.
