super.kg logo

Кара-Кулжада өрттөнгөн мектеп: Жаңы мектептин курулушун тездетүү тапшырмасы берилди

 

Кечээ, 3-августта президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айылында өрттөнгөн Кебек Мамаев атындагы орто мектептен кабар алды.

Облустагы өкүлчүлүктөн билдиргендей, Жантаев өрттөнгөн мектептин жанына курулуп жаткан эки кабаттуу жаңы мектептин имаратын курууну тездетүүнү тиешелүү кызматтарга тапшырды.

Ошондой эле ал жаңы окуу жылында балдардын билим алуусу үзгүлтүккө учурабай тургандыгын белгиледи.

"Бул мектептин курулушун эртерээк бүтүрүү үчүн бардык шарттар түзүлөт. Куруучулардын санын көбөйтүп, жаңы окуу жылына сапаттуу жана кыска мөөнөттө жаңы мектепти пайдаланууга берүүгө аракет кылышыбыз зарыл. Өрттөлгөн мектепти калыбына келтирсе болот, эч ким жабыркабаганына шүгүр келтирип, бардык күчүбүздү жаңы мектеп курууга жумшоо учур талабы. Окуучуларыбыздын билим алуусу үзгүлтүккө учурабайт жана жергиликтүүлөргө кубаныч тартуулаган заманбап билим берүү мекемесин калыбына келтиребиз", - деди Элчибек Жантаев.

Эске салсак, 2-августта Ош облусундагы Кара-Кулжа районуна караштуу Кайың-Талаа айылындагы Кебек Мамаев атындагы орто мектепте өрт чыкканы кабарланган. Аталган мектептин директору Баатырбек Кулеков SUPER.KG порталына окуянын чоо-жайын айтып берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: