Бишкек милициясы калаадагы дарыканаларды кыдырып эскертүү берди (видео)
Милиция кызматкерлери Дары-дармек жана медициналык техника департаментинин фармацевтикалык инспекциясынын адистери менен биргеликте борбор калаадагы дарыканаларды текшеришти. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта Бишкек ШИИББинен билдирди.
Маалыматка ылайык, анда фармацевттер менен профилактикалык баарлашуу өткөрүшүп, дарыгердин расмий түрдө рецептисиз дары-дармектерди, ошондой эле курамында психотроптук заттар жана баңги заттары бар дарыларды сатууга болбой тургандыгын түшүндүрүштү.
"Акыркы жылдары жаштар арасында баңги затын колдонуу көбөйүүдө. Буга байланыштуу Бишкек ШИИББинин баңги затка каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан "Рефлекс" профилактикалык иш-чарасы жүргүзүлүүдө. Анын максаты психоактивдүү, синтетикалык баңги каражаттарынын жана психотроптук заттардын жайылышын алдын алуу жана ага каршы туруу болуп саналат", - деп айтылат билдирүүдө.
Бишкек ШИИББ

