super.kg logo

Бишкекте мыйзамсыз басып алынган жерлердеги үйлөрдүн пайдубалы бузулууда (сүрөт)

 

Бишкектин Свердлов районунда мыйзамсыз басып алынган жерлердеги үйлөрдүн пайдубалы бузулууда. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта калаа мэриясынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуу фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Анын алкагында жеке турак жайларды куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуу фактылары аныкталууда.

Комиссиялык текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен төмөнкү даректер боюнча пайдубалдарды жана турак-жай курулуштарын куруунун фактылары аныкталды.

- "Кызыл куруучу" конушунда уруксат кагаздары жок курулган 2 пайдубал табылды;
- "Дачная-Керчинский" жана "Кайыңды-Шоро" конуштарына 5 пайдубал куюлган;
- “Ак-Тилек” конушунда дубалды көтөрүү стадиясында курулуш токтотулган;
- "Ак-Тилек-2" жана "Дордой" конуштарында 2 өз алдынча курулган турак-жайлар аныкталды.

Бүгүнкү күндө уруксат кагаздары жок курулган "Кызыл куруучу" конушундагы 2 пайдубалды бузуу иштери жүрүп жаткандыгы кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: