"Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы" айдоочуларды жумушка чакырат. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта Бишкек мэриясынан билдиришти.
Айдоочулар үчүн талаптар:
- айдоо тажрыйбасы D категориясында 3 жылдан жогору болушу керек;
- 21ден 60 жашка чейин;
"Бардык суроолор боюнча 0705 86-84-64, 0312 53-18-14 whatsapp 0555 525 452 номерлерине кайрылса болот. Дареги: 7-апрель көчөсү, 4. Каалоочулар bpatpkgg@meria.kg электрондук почтасына жазса болот.", - деп айтылат маалыматта.
Мекемеден билдиришкендей, автобус айдоочуларынын айлык-акысы 30 миңден жогору.