super.kg logo

Казакстанда кен казуучу жайдан чыккан өрт 2 айдан бери өчүрүлө элек (видео)

 

Казакстандын Маңгыстау облусундагы “Түштүк Каратурун” кен казуучу аймагынан чыккан өрт 2 айдан бери өчө элек. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазышууда.

Маалым болгондой, өрт 9-июнда “Түштүк Каратурун” мунай-газ кенинде бургулоо иштерин жүргүзүү учурунда пайда болгон. Өрт Актау шаарынан 350 чакырым жана Шебир айылынан 70 чакырым алыстыкта катталгандыктан адистер жергиликтүү тургундар үчүн кооптонууга негиз жок экенин айтышууда.

"Адистер кырдаалды кылдаттык менен баалап, учурда калк үчүн эч кандай коркунуч жок экенин тастыкташууда", - деп билдирген Казакстандын Экология департаменти.

Эске салсак, 9-июнда "Түштүк Каратурун” мунай-газ кенинде бургулоо иштерин жүргүзүү учурда өрт пайда болгону айтылган. Кийин скважинанын оозунан газ-суу аралашмасы атылып, диаметри 15, тереңдиги 2 метрден 3 метрге чейин жеткен кратер пайда болгондугуна байланыштуу аны өчүрүүгө мүмкүн болбой жатканы кабарланган.






Казакстанда кен казуучу жайдан чыккан өрт 2 айдан бери өчүрүлө элек

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: