"Жыргалаң шахтасы иштебей эле турат". Эмилбек Каптагаев өкмөттүн тараткан маалыматын жалганга чыгарды
12 жыл иштебей турган Жыргалаң көмүр кени ишке кирди деген маалымат чындыкка дал келбейт. Мындай пикирин Ысык-Көл облусунун мурдагы жетекчиси Эмилбек Каптагаев Фейсбук баракчасына жазды.
"Ири-ири иштер аткарылып жатканда ушундай майда-барат жалган айтылган маалымат элди ирээнжитип, ишеничти кетирет го дейм. Ишке кирди деп айтылып жаткан кичи шахта Бакыт Дөргөев ачкан "Дөргө-көмүр" ишканасы. Алына жараша иштеп эле келе жаткан. Чамасы чакан эле шахта. Ал жерде көп эле болгом. Ал эми айтылуу "Жыргалаң көмүр шахтасы" иштебей калган. Ичине суу толуп ошол бойдон турат азыр деле. "12 жыл иштебей калган шахта кайра иштеди" дегенди уккан Ак-Суу, жыргалаңдыктар эмне дешет болду экен?" - деп жазды ал.
Эске салсак, кечээ Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы Ысык-Көл облусундагы 12 жылдан бери иштебей турган Жыргалаң көмүр кени ишке киргенин билдирген. Анда Жыргалаң кенинен суткасына 100-120 тонна көмүр чыгарылып жатканы, бул жай көмүр менен Каракол шаарын, Түп, Жети-Өгүз жана Ак-Суу райондорун толугу менен камсыздай алары белгиленген.
