super.kg logo

Кыргыз Эл акыны Омор Султановдун эстелиги ачылды

 

Бүгүн, 4-августта “Ала-Арча” тарыхый-мемориалдык көрүстөнүндө Кыргыз Эл акыны, ll жана lll даражадагы Манас орденинин ээси, залкар акын Омор Султановдун эстелиги ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага маданият министри Алтынбек Максутов, жазуучулар, акындар, көрүнүктүү маданият ишмерлери, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, ошондой эле жакындары катышты.

Омор Султанов 1935-жылы 6-ноябрда Жети-Өгүз районунун Тосор айылында туулган. Ал "Сен жөнүндө поэма", "Чарчоонун жүзүнчү ыры" чыгармаларынын, "Улуу дайра", "Аралдар арасында", "Мухитке жол" китептеринин автору. Султанов — кыргыз адабиятындагы өзгөчө акын. Ал өткөн кылымдын 60-жылдарында салттуу ырды чанбай, салттуу кыргыз ырын эң мыкты өздөштүрүп туруп эле кыргыз поэзиясы үчүн жаңылык болгон эркин ырды да мыкты жазууга болорун көрсөткөн.

Улуттук кино өнөрүндө да анын салымы бар. "Кыргызфильм" киностудиясында ал жазган адабий текстке негизделип "Ак куулар конгон айдың көл" аттуу көркөм тасма жана "Төкмө", "Жазуучу" деген даректүү фильмдер тартылган.

Омор Султанов узакка созулган оорудан улам былтыр 3-апрелде 87 жаш курагында дүйнө салган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: