Көрүнүктүү окумуштуу Айсалкын Асанова дүйнө салды
Кечээ, 3-августта билим берүү тармагына эмгек сиңирген кызматкер, көрүнүктүү окумуштуу Айсалкын Асанова узакка созулган оорудан улам 77 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдирди.
Айсалкын Асанова 1945-жылы 26-декабрда Жети-Өгүз районундагы Тамга айылында туулган. Ал Москвадагы Жеңил өнөр жай технологиялык институтун 1968-жылы артыкчылык диплому менен бүтүргөн.
1972-жылы Плеханов атындагы Москва эл чарба институтунда кандидаттык диссертациясын коргогон. 1990-жылы Ломоносов атындагы Москва мамлекеттики универстетинде докторлук диссертациясын жактап, экономика илимдеринин доктору илимий даражасын алган.
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде ага окутуучу, доцент, профессору болгон . 2000-жылы Орусиядагы Педагогикалык-социалдык илимий академиясынын академиги болуп шайланган.
2010-жылы Кыргыз Республикасынын илимине эмгек синирген ишмер. Илим жаатындагы ишмердигинде 10дон ашык илимдин кандидатын, 3 илимдин докторун чыгарган. Айсалкын Асанова 160 ашуун илимий эмгектин, анын ичинде 10 китептин, 4 монографиянын жана илимий макаланын автору. Анын илимий изилдөөлөрү дүйнөнун бир катар мамлекеттеринде жарык көргөн.
Айсалкын Асанова билим берүү жана илим тармагындагы үзүрлүү эмгеги үчүн төмөнкүдөй наамдарга арзыган:
- "Эмгектеги каармандыгы үчүн" медалы, Москва 1979-жыл;
- "Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги" 1996-жыл;
- Билим берүү министрлигинин Ардак грамоталары менен 1981, 1984-жылдар;
- Жусуп Баласагын атындагы КУУнун эмгек сиңирген ишмери 2010-жыл;
- Кыргыз Республикасынын илимине эмгек синирген ишмер 2010-жыл;
- КУУнун ардагери 2013-жыл.
SUPER.KG порталынын жалпы жамааты маркумдун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
