Булганыч абанын таасирин изилдеген илимий иштер мындан ары мамлекеттик бюджеттен каржыланат
Булганыч абанын таасирин изилдөө темасы мамлекеттик казынадан каржылануучу илимий иштердин тизмесине кирди. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн аталган министрликте Илимий-техникалык кеңештин жыйыны болуп өттү. Анда катышуучулар "Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тургундарынын жүрөк-дем алуу системасынын абалына абанын булганышынын таасири" деген темадагы илимий-изилдөө иши менен таанышты. Илимий-техникалык кеңеш теманын актуалдуулугун эске алып, муну мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылануучу илимий иштердин катарына кошуу чечимин кабыл алды.
Белгилей кетсек, Бишкек шаары ар жылы кыш мезгилинде абанын булганышы боюнча дүйнөлүк рейтингдин алдыңкы сабына чыгат. Кыргыз бийлиги бул көйгөйдү чечүү үчүн борбор калааны газ менен жылытуу сиситемасына өткөрүү керектигин байма-бай айтып келет. Энергетика министрлиги быйыл абанын булганышын азайтуу максатында, Бишкек ЖЭБине Казакстандагы Шубаркүл кенинен калориясы аз 550 миң тонна көмүр сатылып алынарын билдирген. Аталган көмүрдүн алгачкы партиясы 24-июлда Кыргызстанга ташылып келген.



