Кыргызстан кыргыз-түрк кесиптик лицейлерин ачууга кызыкдар экенин билдирди



Кечээ, 3-августта Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын улуттук билим берүү министри Юсуф Текин менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө элчи Казакбаев Түркиянын "Маариф" фондунун Кыргызстандагы билим берүү мекемесинин ишмердүүлүгүн оң белгилеп, өлкөнүн бардык аймактарында кошумча мектептердин ачылышына ишеним арткан. Ошондой эле кыргыз тарап түрк тараптын бай тажрыйбасын эске алуу менен кыргыз-түрк кесиптик лицейлерин ачууга да кызыкдар экенин билдирген.
"Өз кезегинде министр Юсуф Текин билим берүү тармагындагы биргелешкен долбоорлорду алдыга жылдырууга даяр экенин айтып, түрк тарап кыргыз тарап сунуштаган маселелерди иликтөөгө даяр экенин белгиледи.


