super.kg logo

Кыргызстан Германияга виза алуу үчүн жеңилдик берүү маселесин карап чыгууну сунуштады 

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Германиянын Федералдык Өкмөтүнүн миграциялык макулдашуулар боюнча атайын өкүлү доктор Йоахим Штамп менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Белгиленгендей, жолугушууда тараптар билим берүү, миграция жана виза маселелери боюнча кеңири талкуу жүргүздү.

Кыргыз жарандарына Германияда окуу жана иштөө максаттарында виза алуу үчүн жеңилдик берүүнү карап чыгуу герман тарапка сунушталып, бул багытта мындан ары эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө басым жасалды. Кыргызстан менен Германиянын мамлекеттик мекемелеринин ортосунда бул жаатта кол коюу иштерин талкуулашты.

Мындан тышкары, 40ка жакын студент Кыргызстандан ушул жылдын сентябрь айында Баварияга үч жылдык мөөнөткө кесиптик-техникалык билим алууга жана андан ары Германияда ишке орношуу үчүн жөнөтүлөөрү белгиленди. Анда кыргыз студенттери медицина, IT, туризм жана курулуш багыттары боюнча билим алат.

Өз кезегинде Йоахим Штамп кыргыз-герман өз ара аракеттенүүсүн мындан ары дагы өнүктүрүүгө кызыкдар экенин баса белгилеп, кыргыз жарандарын эмгекке тартуу жаатында узак мөөнөттүү кызматташтыкты түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жогорудагы маселелер боюнча кызматташууну активдештирүүнү макулдашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: