super.kg logo
  Спорт  

КМШ оюндарында грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык спортчулар 6 медаль жеңди 

 

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы Беларустун Минск шаарында өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн II оюндарында 1 күмүш жана 5 коло медаль жеңди.

Маалымдалгандай, 55 килограммга чейинки салмак категориясында Улан Муратбек уулу күмүш медаль тагынды.

Ал эми коло медалга 60 килограмм салмактагы спортчу Нурмухаммед Абдуллаев, 63 килограмм салмактагы Баяман Каримов, 67 килограмм салмактагы Самат Аманат уулу, 77 килограмм салмактагы Ырысбек Максатбек уулу, 72 килограмм салмактагы Адилхан Нурланбеков татыды.

Белгилей кетсек, КМШ өлкөлөрүнүн II оюндары 4-августтан 14-августка чейин Беларустун 11 шаарында өтүүдө. Ага спорттун 22 түрү боюнча 22 мамлекеттен 2 миңден ашуун спортчу катышып жатат.

КМШ оюндарында Кыргызстандын намысын спорттун 17 түрү боюнча 200дөн ашуун спортчу коргоп жатат: (грек-рим күрөшү, бокс, оор атлетика, ок атуу, жеңил атлетика, жаа атуу, гандбол, баскетбол 3х3, эркин күрөшү, кыз-келиндер күрөшү, самбо, тайбокс, заманбап спорттун беш түрү, көркөм гимнастика, мини футбол, каратэ-до, сууда сүзүү).

Мелдеш Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн ортосундагы достукту бекемдөө менен дене тарбия жана спорт тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашууну иш жүзүндө ишке ашыруу максатында өткөрүлүүдө.

Эскерте кетсек, КМШ өлкөлөрүнүн биринчи оюндары 2021-жылдын 4-сентябрынан 14-сентябрына чейин Татарстандын Казань шаарында өткөн. Оюндарга Кыргызстандын атынан спорттун 13 түрү боюнча 157 спортчу катышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: