super.kg logo

Пакистанда темир жол кырсыгынан 30 адам көз жумду (видео)

 

Пакистанда жүргүнчү ташыган поезд кырсыкка учурап, 30 адам каза болду. Бул тууралуу The News басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, кырсык, кечээ, 6-августта Пакистандын түштүгүндөгү Синд провинциясынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан Сангар районунда болгон. Поезд Хавелияндан Карачи аймагына бара жаткан. Окуядан кийин облустун ичиндеги поезддердин кыймылы токтотулган.

Кырсыкка жүргүнчү ташыган поезддин 10 вагону рельстен чыгып кетиши себеп болгон. Учурда каза болгондордун саны 30дан ашып, 80ден ашык жарандын жаракат алганы айтылууда.

Басылманын маалыматына караганда, куткаруу иштерине полиция жана армия тартылып, Сангхара ооруканаларында өзгөчө кырдаал режими жарыяланган.

Ал эми кырсык боюнча Пакистандын темир жол жана авиация министри Хаваджа Саад Рафик маалымат жыйын берип, кимдир бирөө кырсыкты “атайылап” уюштурушу мүмкүн экенин же техникалык мүчүлүштүктөр себеп болгонун билдирген.

Учурда издөө-куткаруу иштери уланып жатканы айтылууда.

Белгилей кетсек, былтыр июнь айында да Пакистанда поезд кеырсыгы болуп, анда 63 адам каза тапкан.






Пакистанда темир жол кырсыгы катталып, 30 адам көз жумду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: