"Кайран көлүм". Интернетте Ысык-Көлдүн жээги булганган сүрөт тарады
Социалдык тармакта Ысык-Көлдүн жээги булганган сүрөт тарады. Андан суунун үстүнө скутер менен катердин майы калкып чыкканын көрүүгө болот.
Интернет колдонуучулары:
"Кайран көлүм, кор болуп бүттүң го. Тиги калкып жаткан бензинди карагыла. Скутер дегендерди жоготуш керек экен. Болбосо көл дебей эле “өл” деп көлдү булгап, соолутуп, өлтүрүп тыналы! Самсаалап кийим-сийимдери менен түшкөндөрү аз келгенсип, эми заара менен бензинге толуп, ууланып турат!" ;
"Коом, адамдардын аң-сезими өзгөрмөйүн жаратылыш кор боло берет. Табият берген көлдү, кооз жерлерди сактап калыш үчүн ар тараптуу аракет кылыш керек" ;
"Тазалыкка такыр көнбөгөн эл болдук го. Керемет көлүбүздүн жээги эле эмес, түбү толо таштанды. Табиятка аяр мамиле жасайлы" ;
"Көлгө түшмөк турсун жээгине отурууга мүмкүн болбой калыптыр бензиндин жытынан" деген таризде пикирлерин калтырып жаткан учуру.
