Өлкө аймагында бир жума ичинде 20 миңден ашык жол эрежеси бузулду
Өлкө аймагында бир жума ичинде 21 миң 129 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
2023-жылдын 31-июлунан тартып 6-августка чейин:
- Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-196;
- Мас абалында автоунаа башкаруу -251;
- Автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 57;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 1 миң 565;
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 4 миң 311;
- Авто ээнбаштык – 9;
- Белгиленген ылдамдыктан ашуу - 4 миң 720;
- Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 1;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 10 миң 19ду түзөт.
Мындан тышкары, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 миң 415 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырат.
