super.kg logo

Куткаруучулар эл аралык "Инсараг" тармагына мүчө болуу үчүн даярдык көрүүдө

 
Өткөн апта ичинде 90дон ашуун мамлекеттердин жана уюмдардын башын бириктирген дүйнөлүк "Инсараг" тармагына кирүүгө кыргыз куткаруучулары өз даярдыгын көрсөтүштү. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, аталган тармакка мүчө болуу үчүн даярдыкка Түркиянын AFAD - табигый кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдарды жоюу башкармалыгынан Тахсинт Беркант Атай жана Эйүүп Кынажы келип, сценарийдин негизинде даярдалган машыгууга күбө болушкан.
Машыгуунун жүрүшүндө куткаруучулардын кийимдерине, шаймандарына, унааларына жана куткаруу ыкмаларына баа берилген.
AFAD башкармалыгынан келген Эйүүп Кынажы куткаруучулардын жеке куткаруу шаймандары эл аралык стандартка, талапка жооп берет деп баа берген.
"Алдыда Кыргызстан Инсараг уюмуна кирүүдө кыйынчылык жаралбайт деген ишеничтемин. Жакынкы убактарда биргеликте жасай турчу да иштер бар. Кыргыз куткаруучуларынын чагылгандай тездиги, ыкчамдыгы анан да өтө жан дили менен берилип иштегени өзгөчө баага татыйт. Биз муну Түркиядагы зилзалада издеп-куткаруу ишин жүргүзгөн учурда өз көзүбүз менен көрүп, ыраазы болдук. Бирок куткаруу ишинде эң ириде куткаруучунун өзүнүн коопсуздугу маанилүү экенин унутпоо зарыл", - деп билдирген ал.
Белгилей кетсек, БУУнун астындагы 90дон ашуун өлкө мүчөлүк кылган издөө-куткаруу иштеринде эл аралык жардамдын натыйжалуулугун жана координациялоону жогорулаткан "Инсараг 2" тармагына Кыргызстандын кирүүсү үчүн 2022-жылдан бери иш-аракеттер башталган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: