КМШ оюндарында эки кыргыз мушкери жарым финалга чыкты
КМШ оюндарында бокс боюнча курама командасынын мүчөлөрү Зафарбек Тимошенко жана Эмир Кылычбеков жарым финалга чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты.Маалым болгондой, Беларус өлкөсүнүн Орша шаарында өтүп жаткан беттеште 48 килограммга чейинки салмакта Зафарбек Тимошенко азербайжандык мушкерди жеңген. Ал эми 57 килограммга чейинки салмак категориясында Эмир Кылычбеков Түркмөнстандын мушкерин утканы айтылат.
"Жарым финалдык беттеште кыргыз мушкерлери Беларустун спортчулары менен беттешет. Беттештер 10-август күнү Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө башталат", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:20
2025-10-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















