Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү пункттарынын ишине убактылуу өзгөртүүлөр киргизилди
Кыргыз-кытай чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишине убактылуу өзгөртүүлөр киригизилди. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Торугарт-автожол” жана “Иркештам-автожол” өткөрүү жайлары бир жумада 7 күн, саат 08:00дөн 20:00гө чейин иштеп баштады. Жуманын бардык күндөрү жогоруда аталган өткөрүү жайлары бардык транспорт каражаттарын өткөрөт. Дүйшөмбүдөн жумага чейин (эс алуу күндөрүнөн тышкары) туристтердин жана башка жарандардын жөө жана жеңил автоунаалары менен өтүүсүнө уруксат берилет.
Ал эми ишемби жана жекшемби күндөрү жүк ташуучу транспорт каражаттары гана өтө алат. Өткөрүү жайлары мындай режимде 2023-жылдын 30-сентябрына чейин иш алып барат.
Белгилей кетсек, Кытайга кирүү үчүн жалпы чет элдик паспорту бар жарандар виза ачтыруулары шарт.




