super.kg logo

"Айрым аймактарда жаан катуу жаайт". 8-августка карата аба ырайы 

 

8-августка караган түнү Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Маалымдалгандай, күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 27…32;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 22…27;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16…21, күндүз 30…35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 26…31;

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 24…29 градус ысыйт.

Бишкек шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 30…32 градус болот.

Чолпон-Ата шаарында күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16, күндүз 27…29 градус ысык болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: