super.kg logo

Москвада аял киши колдуу каза болду. Кылмышкер дагы, маркум дагы кыргызстандык болушу мүмкүн

 

Москва облусунун Дмитров шаарында эркек киши аялын балдарынын көзүнчө өлтүргөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, өлтүргөн адам менен жабырлануучу Кыргызстандын жарандары болушу мүмкүн. Бул тууралуу маалымат Instagram'дагы "Черного списка" баракчасына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, кылмыш 2-август күнү болгон.

"2023-жылдын 2-августунда атабыз апабызды Дмитров шаарындагы батирдин биринде биздин көз алдыбызда чоң бычакты алып, далыга үч-төрт жолу сайды. Андан кийин анын иниси келип, энебизге жардам берүүгө аракет кылган да жок, экөө тең сабырдуулук менен документтерди чогултушту. Алар үйгө жана акчага гана кызыкдар. Ошол учурда үйдө тогуз жаштагы сиңдим, 11 жаштагы иним жана 16 жаштагы сиңдим дагы болгон. Мен өзүм 18 жаштамын, биз 5 балабыз.

Азыр үч бала Орусиядагы кризистик борборго жеткирилди. Апамдын сиңдиси экөөбүз апамдын сөөгүн өзү өскөн айылына алып келип, апамдын туугандары ошол жерге коюшту. Бул үчүн көп акча кетти, биз жашаган үй да ипотекада", - деп жазган кыз.

Ошондой эле ал атасы жана анын туугандары тарабынан эч кандай колдоо болбогонун, жада калса апасы каза болгондо телефон дагы чалышпаганын кошумчалады.

Аягында ал жардамга муктаж экенин, өзгөчө Москвада жүргөн юристтер менен адвокаттарга муктаж экенин кошумчалады.

Орусиянын Тергөө комитети бул маалыматты тастыктап, эркек аялды кызганычтан улам өлтүргөнүн билдирди. Ошондой эле шектүү кармалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: