super.kg logo

Кыргызстандыктар Сауд Арабияга электрондук виза менен бара алат 

 

Кыргызстандыктар эми мындан ары Сауд Арабия Падышалыгына электрондук виза менен бара алат. Бул тууралуу Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчиси Улукбек Марипов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бөлүштү.

Анын айтымында, Сауд Арабия Падышалыгы Кыргызстанды конок (электрондук) визасын колдоно ала турган чет өлкөлөрдүн тизмесине киргизүү чечимин кабыл алды.

"Мында жарандары аталган өлкөгө конок визасы менен турист катары, умра сапары менен, ишкерлик аркылуу жана туугандарына же досторуна баруу максатында кире алышат. Конок визаны https://visa.visitsaudi.com/ онлайн порталына арыз таштоо менен же Сауд Арабиясынын эл аралык аэропортторуна конгон учурда алууга болот.

Электрондук виза бул бир жылга берилүүчү, 90 күнгө чейин өлкөдө жүрүү мүмкүнчүлүгүн берген бир нече жолку виза. Аны менен туризмге байланышкан иш-чараларга катышууга, үй-бүлө же туугандардыкына барууга, умра парзын аткарууга болот. Бирок, ажылык сапарын аткарууга, окуу, иштөө максатында колдонууга болбойт", - деп билдирген Марипов.

Ошондой эле ал визада көрсөтүлгөн өлкөдө жүрүү мөөнөтүнөн өткөрбөй Сауд Аравиясынан чыгып кетүү сунушталат. Мөөнөт өтүп кеткен учурда айып пул салынарын кошумчалады.

Элчи Марипов кыргызстандыктардын аталган өлкөгө баруудан мурда өлкөдө жүрүү эрежелери жана шарттары менен кылдат таанышып чыгууну суранат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: