super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров "Жаштар жөнүндө" мыйзамга кол койду

 
Өлкө башчысы Садыр Жапаров "Жаштар жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, мыйзам ушул жылдын 21-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты - жаштар саясатын калыптандыруунун, ошондой эле жаштарды мамлекеттик ишмердүүлүктүн бардык чөйрөлөрүнө тартуунун механизмдерин аныктоо болуп саналары айтылат.
"Мыйзамда жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишинин негизги багыттары, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жаштарды жана жаштардын аялуу топторун тартуу үчүн бирдей шарттарды түзүү, жаштар саясатын калыптандыруу жана ишке ашырууда мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсү, алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, ишкердикти өнүктүрүүгө жана жаштарды иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү, мамлекеттик жаштар саясатын финансылык жактан камсыз кылуу маселелери каралган", - деп жазылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: