Бишкектин Дэн Сяопин проспектисинде мыйзамсыз орнотулган жарнама объектилерине бөгөт коюу боюнча рейддик иш-чаралар уюштурулду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалымдалгандай, рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө чарба жүргүзүүчү субъекттердин ээлери менен тротуарларга орнотулган көчмө жарнама объектилери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле кызматкерлер тарабынан 18 даана жарнама (баннерлер, афишалар, стенддер ж.б.) алынды.
Мындан тышкары Бишкек мэриясы бул багытта иштер уланып жатканын кошумчалады.
Бишкекте талапка жооп бербеген жарнамалар алынууда
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.