Түркиянын Деринже портунда катуу жарылуу болду (видео)
Түркиянын Деринже шаарындагы портто дан жүктөө учурунда жарылуу болду. Бул тууралуу CNN Turk басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка караганда, жарылуу жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:40та буудайды кемеге жүктөө учурунда болгон. Кырсыктан 12 адам жабыркаган. Күбөлөрдүн айтымында, жарылуунун таасири Гөлжүк, Көрфез жана Дерина райондорунда дагы байкалган.
Маалыматта, жарылуу эмнеден улам болгону белгисиз, учурда аталган аймакта тиешелүү органдар иштеп жаткандыгы айтылат.
Ал эми Деринже шаарынын мэри Зеки Айгүн билдиргендей, жабыркагандардын жаракаты жеңил. "Кырсык газдан уламбы же башка нерседен чыктыбы, биз билбейбиз. Окуянын так себептери адистер тарабынан аныкталат", - деп билдирген ал.
Түркиянын Деринже портунда жарылуу болду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:12
2025-06-24

19:54
2025-06-23
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.