super.kg logo

Ысык-Көлдө эс алып жүрүп каза тапкан 23 жаштагы жигит Таласта жерге берилди

 

Кечээ, 7-августта Ысык-Көлдө эс алып жүрүп каза тапкан 23 жаштагы Бекбол Аманкулов Таластын Манас районундагы Покровка айылында жерге берилди. Бул тууралуу маркумдун айылдаштары жазып чыгышты.

Эске салсак, 6-августка караган түнү Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы "Золотые пески" пансионатында балдар арасында чыккан мушташтан улам 23 жаштагы жигит каза болгонун маркумдун агасы айткан видео социалдык тармактарда тараган. Анда ал аталган пансионатта эс алып жүргөн инисин топ балдар сабап өлтүрүп койгонун жана ишке тергөөчүлөр кош көңүл мамиле жасап, эпилепсиясы кармап калгандыктан каза тапканын айтып жатышканын билдирген.

Кечээ, 7-августта каза тапкан жигиттин достору да адилеттик талап кылып, укук коргоо органдарына жана башкы прокуратурага кайрылуу жолдошкон.

Көп өтпөй, Ысык-Көл РИИБи маркумдун өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалганын, экспертизанын жыйынтыгы боюнча мыйзамга ылайык чечим кабыл алынарын маалымдаган.

Аталган окуя коомчулукта кызуу талкууланып, кечээ өлкө башчы Садыр Жапаровдун 23 жаштагы жигиттин өлүмү боюнча ишти жеке көзөмөлүнө алганын президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев кабарлаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: