Бостеридеги жигиттин өлүмү: Маркумдун агасы экинчи ирет ыйлап кайрылуу жасады (видео)
6-августка караган түнү Ысык-Көлдүн Бостери айылында топ балдар арасындагы мушташтан улам 23 жаштагы жигит каза тапканы тууралуу маалымат чыккан. Маркумдун агасы видео аркылуу коомчулукка кайрылып, инисин 7-8 бала сабап өлтүрүп коюшканын билдирген. Ошондой эле ал тергөөчүлөр ишке көңүл кош мамиле жасап, анын өлүмүнө "эпилепсия оорусу себеп болгон" деген тыянак чыгарып коюшканын айтып чыккан.
Кечээ, 7-августта каза тапкан жигиттин достору да адилеттик талап кылып, укук коргоо органдарына жана башкы прокуратурага кайрылуу жолдошкон.
Ошол эле күнү кечинде каза тапкан жигиттин агасы кайрадан социалдык тармак аркылуу кайрылуу жасап, президент Садыр Жапаровго кайрылды.
"Иним бул жактан достору менен Бостериге эс алганы жолго чыккан. Ошол эле күнү түнкү саат он экилерде Бостериден 7-8 бала жабылып, андан иним кырсыктап калды. Жүрөгүбүздөн кан агып турганда Бостеринин тергөөчүлөрү "бала тилин жутуп алды" деген сыяктуу ыплас сөздөр менен ар кандай көрсөтмөлөрдү берип салыптыр. Андай болгон эмес, аны атайын сабап өлтүрүшкөн. Тергөөчүлөр ишке кош көңүл мамиле жасап жатышат. Бизге ар тараптан видеолор келип жатат. "Өчүргүлө, жибербегиле видеолорду" деген коркутуулар да болуп жатыптыр. Биз барганда тергөөчүлөр инимдин жанында жүргөн досуна жолуктурган жок. Акырында жолугуп, ошондо окуянын чоо-жайын айтып берди. Иним досу менен отурганда 3-4 бала ары алып барып, сабап коюшуптур. Досу барганча иним жерге жатып калыптыр, ошол учурда эле үзүлүп кетиптир. Тергөөчүлөр андай болгон эмес деп кайдыгер карап коюшту. Бостериден экспертизадан өткөргөндө денесинде эч кандай так жок экендигин, бир жумадан кийин жыйынтыгы чыгарын айтышкан. Биз сөөктү алып кеткенден кийин эле журналисттерге "экспертиза чыкты, бала тилин жутуп алган" деп жалган маалыматтарды таратыптыр. Өзүбүздүн Кара-Буура районунан да экспертиза кылдырдык, жыйынтыгы 3-4 күндө чыгат. Инимдин чекеси жарылып, башынын арт жагына кан уюп калган экен. Биз касташууга барбайбыз, бирок адилеттүүлүктөн тайбайбыз, акырына чейин барабыз", - деди каза болгон жигиттин агасы.
видео




