Бишкектин Ак-Өргө конушунда сквер курулууда





Бишкектин Ак-Өргө конушунда сквер курулууда. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүп жатат.
"Жаңы аянтчада баскетбол аянтчасы, чакан архитектуралык формалар, балдар аянтчасы, амфитеатр, отургучтар, тротуарлар, даараткана, аймакты жашылдандыруу каралган. Сквердин жалпы аянты 2,4 гектарды түзөт.
Бүгүнкү күндө суу жана канализациянын түтүктөрүн орнотуу, скважинаны бургулоо, 164 чарчы тереңдикте суу соргуч орнотулуп, даараткананын пайдубалын куюу иштери аяктады", - деп жазылат маалыматта.
Учурда даараткананын дубалын орнотуу, тротуарларга бордюр жана таман таш төшөө, сугаруучу суу түтүктөрүн орнотуу иштери жүрүп жатканы айтылат.
