super.kg logo

"Молдо Нияздын 200 жылдыгына карата 5 китеп жарык көрдү". Бет ачар аземи Баткенде белгиленди

 

Баткенде Кыргыз жазма адабиятынын негиздөөчүсү, жазгыч акын Молдо Нияз Эрназар уулунун 200 жылдыгына карата беш китептин бет ачары болду. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, “Арадан эки кылым өтсө дагы, көөнөрбөйт Молдо Нияз мурастары” ураанынын астында өткөн иш-чара Кадамжай шаарынын борбордук стадионунда уюштурулду. Агартуучу, ойчул, философ Молдо Нияздын эмгектерин түбөлүк сактап калуу жана жайылтуу максатындагы уюштурулган иш-чара “Китеп - дүйнөнү жарык кылат” деп аталды.

Ага ылайык, иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев, Молдо Нияздын 200 жылдык мааракесин республикалык деңгээлде уюштуруу тобунун жетекчиси Нышанбек Кочкоров, президент Садыр Жапаровго караштуу "Мурас" фондунун жетекчиси, тарыхчы Кыяс Молдокасымов, жарык көргөн китептердин авторлору катышты.

"Молдо Нияз атабыздын эмгектерин байытуу жана даңазалоо багытында анын китептерин түрк тилине которулушу жана анын ишмердүүлүгүнө багытталып жазылган китептердин бет ачарынын өтүп жатышы кыргыз маданиятын байытууга жасалган кадамдардын далили. Аны изилдеп, байытып, келечек муундарга жеткирүүгө салым кошкон инсандарга терең ыраазычылык билдирем. Молдо Нияз атабыздын бизге калтырган кол жазмалары жана осуяттары биз үчүн баа жеткис белек”, - деп белгиледи Алимбаев.

Белгилей кетсек, улуу инсандын 200 жылдыгына карата жазылган китептер:

- Педагогика илимдеринин доктору, профессор Абдыкерим Муратовдун “Молдо Нияз алгачкы агартуучу” китеби

- Журналист Адылжан Жажановдун “Молдо Нияз алгачкы агартуучу, ойчул жана жазгыч акын” китеби

- Акын, жазуучу, тарыхчы жана публицист Муса Сапаевдин “Молдо Нияз Улуттук татыктуулук үчүн күрөш” китеби

- Педагогика илимдеринин доктору, профессор, Ош педагогикалык гуманитардык институтунун ректору Бекмурза Зулуев жана Педагогика илимдеринин кандидаты, ОшМУнун доценти Мисирали Колдошовдун “Молдо Нияз алгачкы агартуучу” китеби

- Түркология илимдеринин доктору Гүлзада Нурмаматова, Молдо Нияз боюнча докторлук илимин жактаган. “Санат дигарасттар” китебинин түрк тилине которгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: