super.kg logo

Түркмөнстанда бир жумадан бери баарлашуучу жалгыз тиркеме да иштебей жатат

 

Түркмөнстандыктар интернеттин начар ылдамдыгынан улам өлкөдөгү акыркы IMO баарлашуу тиркемесине кире албай жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, акыркы апталарда интернеттин ылдамдыгы дагы басаңдап, веб-сайттарды ачууга мүмкүн болбой жатат.

"IMO иштебей калды, калганынын баары көптөн бери бөгөттөлгөн, жада калса чет элдик телеканалдар да тартпайт", - деп билдирген атын атагысы келбеген тургун.

Түркмөнстандыктар көз карандысыз басылмалардын сайтына жана өлкөдө тыюу салынган социалдык тармактарга виртуалдык жеке тармактар ​​(VPN) аркылуу гана кире алышат. Бирок интернет начар иштегендиктен акыркы учурда социалдык тармакты колдонуу мүмкүн болбой жатканы айтылууда.

Басылмалардын маалыматына караганда, аталган өлкөдө WhatsApp, Viber, Facebook, Twitter, YouTube сыяктуу социалдык тармактары колдонулбайт.

Белгилей кетсек, интернеттин ылдамдыгы боюнча түзүлгөн рейтингде быйыл Түркмөнстан 220 өлкөнүн ичинен 206-орунду ээлеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
08.08.2023. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
На мунча кийнайди халкни
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: