super.kg logo

Казакстандын ички иштер министри кыргызстандыкты сабаган Бейбут Шуменов кайда качышы мүмкүн экенин айтты

 

Коңшу Казакстандын ички иштер министри Марат Ахметжанов атактуу мушкер Бейбут Шуменовду издөө иштери боюнча комментарий берди.

Казакстан өкмөтүнүн бүгүнкү жыйынында журналисттер министрден Шуменовду издөө иштеринин жүрүшү тууралуу сурашты.

"Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат, ал издөөдө. Биз мыйзамдын чегинде иштей беребиз. Ал АКШда болушу мүмкүн. Учурда өзүнчө көрсөтмөлөр жөнөтүлүп, керектүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Шуменовдуку орточо оордуктагы кылмыш, анда тараптардын жарашуусу каралган. Бул боюнча толук кандуу сотко чейинки тергөө иштери жүргүзүлүп, чечим чыгарылат", - деген Ахметжанов.

Эске салсак, 18-июнь күнү Астанадагы ири соода борборунда колунда баласы бар кишини бир адам сабап салган видео интернетте тараган. Социалдык тармактарда колунда баласы бар кишини сабаган адам бокс боюнча Дүйнө чемпиону Бейбут Шуменов экени айтылган. Мушкер кыргызстандык жаранды колунда баласы бар болгонуна карабастан чаап жиберген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: