super.kg logo

"Каза болгондор бар". Иранда курулушуна тыюу салынган беш имарат урап калды (видео)

 

Ирандын баш калаасы Тегеранда имараттардын урап калышынан 3 адам каза болуп, 11 жаран жаракат алды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Tasnim агенттиги билдирди.

Маалым болгондой, окуя 6-августта милиция жана мэриянын кызматкерлери мыйзамсыз курулуштарды бузуу учурунда катталган. Анда коопсуздук эрежелери сакталбаган имараттардын курулушуна тыюу салып жаткан учурда беш имарат урап калган.

Окуя болгон жерде жабыр тарткандардын көпчүлүгү милиция жана муниципалдык кызматтардын жумушчу тобу экени аныкталган. Куткаруучулар ураган имараттын алдынан төрт жабырлануучуну алып чыгышкан, алардын бирөөсү окуя болгон жерде каза тапкан. Сегиз адам ооруканага жаткырылып, үч кызматкерге медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Учурда куткаруу иштери уланып, жабыр тарткандардын так саны белгисиз экени айтылууда.






видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: