super.kg logo
  Саясат  

Кайрат Иманалиев Кувейт өлкөсүнүн өкүлү менен жолукту

 
Министрдин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев Кувейт өлкөсүнүн искусство өнүктүрүү компаниясынын өкүлү менен жолугушту. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин басма сөз кызматы билдирди.
Ага ылайык, бүгүн, 8-августта маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев Кувейт мамлекетинин искусство өнүктүрүү компаниясынын башкы директору Али Аббас Аль-Наки менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өлкөнүн туристтик жана маданий кызматташтыгын Араб жана Европа мамлекеттери арасында илгерилетүү үчүн Кыргызстандын тарыхы жөнүндө документалдуу тасманы биргелешип тартуу маселесин талкуулашкан.
"Али Аббас Аль-Наки жогоруда аталган тасманы тартуу үчүн Кыргыз Өкмөтү тарабынан каржылык жана техникалык колдоо көрсөтүү зарылдыгын билдирди.
Өз кезегинде министрдин биринчи орун басары бул сунушту ар тараптан кароо үчүн министрликтин дарегине дипломатиялык каналдар аркылуу компаниядан расмий кат жөнөтүү керектигин белгиледи.
Мындан тышкары, Кайрат Иманалиев министрлик Кырызстандын аймагындагы тиешелүү тарыхый-маданий мурастар камтылган жерлерди кыдырууга көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин кошумчалады", - деп жазылат анда.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу маданий кызматташтыкты өнүктүрүү жана Кыргызстандын Араб мамлекеттеринде таанылышын жогорулатууга көмөк көрсөтүүнү макулдашканы айтылат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: