super.kg logo

Бейонсе күйөрмандары үчүн метронун иштөө мөөнөтүн бир саатка узартты

 

Белгилүү ырчы Бейонсе концерти кеч башталгандыктан метронун иштөө мөөнөтүн бир саатка узартты. Ал мындай аракети үчүн 100 миң доллар төлөгөнүн ABC7 басылмасы жазып чыкты.

Маалым болгондой, Бейонсенин Вашингтондо өткөн концерти аба ырайынын бузулушунан улам 2 саатка кеч башталган. Ошол себептен ырчы күйөрмандары үйүнө жетип алуусу үчүн метронун иштөөсүн бир саатка узарткан. Бул үчүн атактуу ырчы 100 миң доллар төлөгөн. Мындан улам шаарда 100гө жакын метро станциялары кошумча бир саат иштеп турган.

Белгилей кетсек, Вашингтондогу концерт Бейонсенин тогузунчу гастролу, ал 1-октябрда аяктайт.

Белгилей кетсек, Бейонсе дүйнөгө белгилүү америкалык ырчы болуп саналат. Ал быйыл Грэмми сыйлыгынын 4 номинациясын жеңип, аталган сыйлыкка ээ болууда рекорддук көрсөткүчкө жеткен. Ырчы абройлуу Грэмми сыйлыгына 32 жолу ээ болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: