Кочкор райондук ооруканасына Япония мамлекети баасы 56 099 долларды түзгөн медициналык жабдыктарды тапшырат
19-декабрда Нарын
облусунун Кочкор райондук ооруканасына Япония мамлекетинин гранттык
программасынын алкагында баасы 56 099 долларды түзгөн медициналык
жабдыктар тапшырылат. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда маалым болду.
Автор: Темирбек Матаев
Гранттык программанын
алкагында Кочкор райондук ооруканасына наркоздук дем алдыруучу аппарат (1 даана), изилдөөчү ультра үндүү аппарат (1 даана), жаңы төрөлгөн ымыркайлар үчүн
инкубатор (1 даана), монитор, жандандыруу жана төрөт бөлүмдөрүнө атайын көп функциялуу керебет (1 даанадан) жана башка аппараттар тапшырылат.
Медициналык
жабдыктарды тапшыруу аземине Япониянын КРдагы элчиси Такаюки Коике менен
аталган оорукананын директору Муратбек Алияскаров катышат.
Белгилей кетсек, аталган грант боюнча келишим 2012-жылдын 1-октябрында түзүлгөн. Анын негизги
максаты -Кочкор аймактык ооруканасынын оорулууларды тейлөөсүн жаңы, заманбап
жабдыктардын жардамы аркылуу жогорулатуу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
Рейтинг:
0

