super.kg logo
  Саясат  

Коргоо тармагындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

 

Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын коргонуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Аталган мыйзам 2023-жылдын 21-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзам менен "Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө" Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди, ага ылайык мобилизациялык органдар жөнүндө Жобо президент тарабынан бекитилет.

Ошону менен аталган мыйзам менен "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" мыйзамга офицердик курамдын аскер кызматчыларынын аскердик кызматта болуусунун чектүү курагын көбөйтүүсү, 30 жашка чейинки аскерге милдеттүүлөрдүн (биринчи категориядагы запаска каттоого алынгандардын жана жогорку билими бар) запастагы офицерлерди даярдоо программасы боюнча мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүсүн караган бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизилди. Аларды аяктагандан кийин аскерге милдеттүүлөргө запас боюнча офицердик курамдын "кенже лейтенант" биринчи аскердик наамын ыйгаруусу, ден соолугунун абалы боюнча чектөө даражасына ээ адамдарды альтернативдик кызматка чакыруусу боюнча өзгөртүүлөр киргизилди.

Кабыл алынган Мыйзам менен "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Мыйзамга укук коргоо органдарынын күчтөрү жана каражаттары аларды чечүү үчүн жетишсиз болгон учурда кризистик кырдаалдардын алдын алуу жана жеңүү боюнча иш-чараларга Куралдуу күчтөрдүн катышуусун караган ченемди алып салуу бөлүгүндө өзгөртүүлөр киргизилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: