super.kg logo

Пекинде суу ташкынынан каза болгондордун саны 33кө жетти

 

Пекиндеги суу ташкынынан каза болгондордун саны 33кө жетти. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта шаар мэринин орун басарына шилтеме берүү менен "Синьхуа" агенттиги жазганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Белгиленгендей, дагы 18 адам, анын ичинде куткаруучу да дайынсыз болууда. Ал эми 33 адамдын өлүмү негизинен суу ташкынынан жана үйлөрдүн урашынан болгону белгиленди.

Буга чейин селден 1 миллион 290 миң адам жабыркап, 59 миң имарат урап, 147 миңи катуу жабыркаганы кабарланган эле. Азыр бийлик жоготуулардын жалпы чыгымын эсептеп жатат.

Аймактарда куткаруу, оңдоп-түздөө иштери уланууда. Бийлик өкүлдөрү баарын толук калыбына келтирүү үчүн үч жылдык убакыт керек экенин айтышууда.

Эске салсак, 29-июлдан 2-августка чейин жүргөн “Доксури” тайфунунун кесепетинен пайда болгон нөшөрлөгөн жамгырдан Пекин шаары жапа чеккен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: