super.kg logo

Билип алыңыз. Бишкекте коомдук транспорттордогу накталай эмес төлөмдүн жол-жоболору (видео)

 

Бишкек шаарында 20-августтан тарта коомдук транспорттор накталай эмес төлөмгө өткөрүлөрү кабарланган. Буга байланыштуу "Тулпар" долбоорунун куратору Бекжан Акматбековдон накталай эмес төлөмдүн жол-жоболорун сурадык.

Анын айтымында, 20-августтан тарта Бишкектин коомдук транспортторунда накталай эмес төлөмгө өтүп жаткандыгына байланыштуу атайын түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн кызматкерлер болот. Алардын аткарган милдети айдоочуларды көзөмөлдөйт жана жүргүнчүлөргө кантип накталай эмес төлөсө болорун түшүндүрүп, маалымат беришет.

"Бишкекте 20-августтан тарта муниципалдык коомдук транспорттордун бардыгы накталай эмес төлөмгө өтөт. Ошого байланыштуу "Тулпар" долбоору мэрия менен биргеликте ыкчам түрдө иштерди алып барып жатабыз. Ошонун алкагында 20-августтан тарта кошумча көзөмөлдөөчү атайын кызматкерлерди ишке киргизебиз. Ал кызматкерлер Бишкектин структуралык бөлүмдөрүнөн тандап алынат. Болжолдуу түрдө алардын саны 200-250нү түзөт. Биз ал кызматкерлер менен ошол белгиленген убакытка чейин түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, даярдап, маалымат беребиз.

1. Алардын аткарган милдети айдоочулардын жүргүнчүлөрдөн накталай акча албай жаткандыгын көзөмөлдөйт.

2. Ошондой эле алар шаар конокторуна, жүргүнчүлөргө накталай эмес төлөмгө өтүүсүн түшүндүрүп, маалымат беришет. Башкача айтканда, "Тулпар" картасы, банк карталары жана "Кьюар" код менен кантип төлөсө болорун түшүндүрүшөт", - деди ал.

Мындан тышкары ал салыштырмалуу "Тулпар" карталарын колдонгон жүргүнчүлөрдүн саны көбөйгөндүгүн кошумчалады.

Маалымат үчүн: "Тулпар" карталарын О!, Megacom, Beeline уюлдук операторлорунун кеңселеринен, "Кыргызпочтасы" ААК филиалдарынан, "Тулпар" тейлөө борборлорунан, троллейбус, автобус айдоочуларынан сатып алса болот. Картанын баасы 50 сомду түзөт.

Убактылуу акциянын алкагында 20-августтан тарта айдоочулардан сатып алууда картанын баасы бир жолку бекер жол жүрүү менен 30 сомду түзөт. Соода түйүндөрүнүн толук тизмеси менен шилтеме аркылуу таанышсаңыз болот.

Балансты кантип толтуруу керек?

Балансты терминалдардан, төлөм системалары аркылуу жана "Кыргызпочтасы" ААК филиалдарынан толуктасаңыз болот. Толук тизме менен https://www.tulpar-card.kg/about/pay/ шилтемеси аркылуу таанышыңыз.

Балансты кантип көзөмөлдөө керек?

Ал үчүн Tulpar мобилдик тиркемесин жүктөп алып, катталып, картаны байланыштырыш керек. Колдонмо iOS жана Android түзмөктөрүндө жеткиликтүү.


кошулду





"Тулпар" картасын колдонуунун жол-жоболору

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: